• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолунда болгон жол кырсыгынан 4 адам көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 04.08.18 /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда Mercedes-Benz жана Honda Accord үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, 4 адам каза болду. Кырсык бүгүн, 4-августта саат 6:30 чамасында жолдун 212-700-чакырымында болгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Mercedes унаасынын айдоочусу уктап кетип каршы тилкеге чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен Mercedes унаасындагы 4 жүргүнчү окуя болгон жерде көз жумган.

Кырсык болгон жерге келген автоинспекциянын кызматкерлери Honda Accord унаасынын эки жүргүнчүсүнө жардам көрсөтүп, жакынкы медициналык жардам көрсөтүүчү пунктка жеткиришкен.

Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу иш алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий