• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек – Ош жолу унаалардын өтүүсү үчүн эки тараптуу ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Бишкек Ош унаа жолу унаалардын өтүүсү үчүн эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалардын өтүүсүнө бардык чектөөлөр алынды.

"Бирок, учурда Төө-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жүрүп жатат. Жол куруучулар кар күрткүлөрүн тазалоо жана жолго инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-апрелде аба ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек Ош жолу баардык унаалар үчүн убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий