• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгында оңдоо иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Эмгекчилердин социалдык-турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында шаардык троллейбус башкармалыгында оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, №1 жана №2 деподо троллейбус оңдоочулар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар (эркектер белуму), душ, санитардык жайлар капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Февраль айынын башында ишканада жуунучу жайларды оңдөп-түзөө жумуштары аяктады. Бөлмөлөрдүн полуна жана дубалдарына плитка төшөлүп, унитаздар, раковиналар жана крандар алмаштырылып, жабылуучу кабиналар менен жабдылды. Ошондой эле имараттын эшик-терезелери алмаштырылып, суу түтүктөрү жана канализация оңдолуп, шам чырактар алмаштырылып, дубалдын шыбагы жаңыртылды.

Мындан тышкары, административдик имараттын көйгөйлүү аймактарында: бир нече кеңселерде, диспетчердик кызматтын кеңсесинде, окуу класстарында, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кеңсесинде ж.б. кеңселерде боёк жана жасалгалоо иштери жүргүзүлдү .

Жалпысынан «Бишкек троллейбус” башкармалыгында оңдоо иштери алты айга созулуп, бул убакыттын ичинде 200дөн ашык кишиге ылайыкталган көрктөндүрүү жайларын жаңыртылып, иретке келтирилди.

Белгилей кетсек, келечекте 2022-жылга карата жумушчулардын социалдык шарттарын жакшыртууга багытталган иштер улантылат: 19 көмөкчордонду, борбордук диспетчердик кызматты, медициналык персоналдын кабинеттерин жана башка өндүрүштүк объектилерди №1 жана №2 автобазаны капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий