• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаары боюнча 1361 адам үй карантинине чыгарылды - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Кечээ Бишкектеги атайын обсервациялардан 1361 адам үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, үй карантинине чыгарылган жарандардан анализдер алынып, алар терс чыккандыгына байланыштуу үйлөрүнө жиберилди. “Бирок, үй карантинине чыгарылган жарандарга дагы бир жолу кайрылып кетет элем. 14 күн үй карантинин толук жана так сактаңыздар!”, - деп кошумчалады ал.

Бүгүн белгилүү болгондой, учурда дагы коронавирус жуктурган 2 жаңы учур катталган. Алар эркек кишилер. Бирөө Дубайдан учуп келсе, экинчиси коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгон. Алар - бирөөсү Чүй облусунун, ал эми экинчиси Бишкек шаарынын тургундары.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунун Москва району -1 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий