• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарында Орозо айт намазы окулду — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Орозо айт намазы эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айт намазына эл таңкы саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:15де айт намазы окулду.

Майрамды утурлай Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинини төрагасы Абибилла Кудайбердиевдин жана муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыевдин “Диний баалуулуктар, Орозо айттын пазилеттери” деген темада баяндамасын жасап, кыргыз элин куттукташты.

Жоробай Шергазыев Орозо айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды. Андан соң Куран окулуп, маркумдарга жана Баткен окуясында каза болгондордун арбактарына багышталды

Ушундай эле айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий