• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» МИ Курулуш мамагенттигине кайтарылды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. «Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтарылып берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Учурда «Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлгөн «Бишкек шаардык архитектура башкы башкармалыгы» МИ ишинде эки багыт: шаар аймагындагы архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын аймактык түзүмү аткарчу саясат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары мэриянын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана шаарды жасалгалоо боюнча түз функционалдык милдеттенмелери аралашып калган.

Мэрия шаардык көчөлөрдү, парктарды жана скверлерди жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жасалгалоо боюнча долбоордук иштерди аткаруу үчүн архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын катышуусуз, Бишкек шаарынын аймагындагы архитектуралык-шаар куруу ишмердүүлүгү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүүчү муниципалдык долбоордук мастерскойду, же муниципалдык долбоордук институтту түзө алат.

Мындан улам жана шаар куруу жана архитектура жаатындагы саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-жылдын 1-июлундагы № 430 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому күчүн жоготту деп таануу чечимин кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жана Бишкек шаарынын мэриясына өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү жана ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий