• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

8 чабан жана 2200 баш кой: Ашуудан аша албай калган чабандар куткарылды

Коом 0

Бишкк, 23.10.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы “Сары-Кыр” ашуусунан аша албай калган чабандарга жардам берилди, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Алакан” жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 8 чабан 2200 баш кой менен ашуудан аша албай калгандыктарын кабарлашкан.

“Чабандарды мал жандыктары менен ашуудан тушүрүүгө атайын куткаруучулар жана техника тартылган. Кечээ, 22-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында чабандар мал жандыктары менен ашуудан өтүшүп, Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине аман эсен жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий