• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек, Токмок шаардык сотуна, Чүй, Кемин, Сокулук райондук сотторуна жана судьяларды дайындоо жана жөнөтүү тууралуу жарлыктарга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна, Чүй облустук сотуна, Чүй облусунун Кемин, Сокулук райондук сотторуна жана Токмок шаардык сотуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Бишкек шаардык сотунун, Чүй облустук сотунун, Чүй облусунун Кемин, Сокулук райондорунун сотторунун жана Токмок шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин З-бөлүгүнө ылайык бир инчи Жарлык менен биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө 6 судья Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды.

Экинчи Жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Бишкек шаардык сотуна — Молоев Дамир Жоомартович;

— Чүй облустук сотуна — Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна, Нурманбетов Эрмек Болотканович;

— Чүй облусунун Кемин райондук сотуна — Култаева Нурила Дукенбаевна;

— Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна– Кумашев Жолдошбек Ильясович;

— Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна — Карабекова Элмира Чондошовна жиберилишти.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий