• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков 7 миңге жакын адамды жумуш менен камсыз кылып жаткан Таластагы ишканага барды

Президент 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы "Азра жемиштери" жоопкерчилиги чектелген коомго барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы 2014-жылы тигилген алма багын көрдү.

Бактын ээси, ишкер Миргазы Оморов 40 гектар жерге 90 миң түп интенсивдүү типтеги негизинен 5 сорттогу - "Айдаред", "Голден Делишес", "Рэд Чиф", "Гренни Смит", "Гала" сортундагы алма көчөттөрү отургузулганын айтты.

Ишкердин айтымында, алманын бул сорттору Кыргызстандын климатына тез ыңгайланышат жана базарда жакшы өтөт. Ал президентке көчөттөрдү тигүүнүн жана алмаларды өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү, бакты мындан ары өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле "Азра жемиштери" компаниясынын өзүнүн көчмө лабораториясы менен да таанышты. Анда кыртыштын жана суунун анализдерин чыгарып, ошого жараша жер семирткичтерин пайдаланса болот.

Мамлекет башчысы Кыргызстан башка өлкөлөрдөн экологиялык жактан таза продукция өндүргөнү менен айырмалана турганын баса белгиледи. "Сиздердин кампания экологиялык таза шартта алма өстүрүү менен алектенет. Мындай продукция ЕАЭБ рыногунда жакшы сатылат, бул алма менен чоң рынокко чыгууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Сиздер өлкөнү жана регионду өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп жатасыздар, адамдар үчүн жумуш орундарын түзүп жатасыңар. Ишкерлерди, өзгөчө региондордогу ишкерлерди колдоо максатында мамлекет тарабынан сиздер сыяктуу ишкерлерге айыл чарба тармагында өз ишин өнүктүрүп жана өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүүгө жардам бере турган Кепилдик фонд түзүлгөн», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. Ал компаниянын жетекчиси Миргазы Оморовго жана бүт жамаат мүчөлөрүнө жигердүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат иретинде:

"Азра жемиштери" компаниясы калкты сапаттуу көчөттөр менен камсыз кылуу, кыртышты жана сууну анализдөө, акысыз консультацияларды берүү, сапаттуу дары-дармектер жана витаминдер менен камсыздоо иштерин аткарат.

Компаниянын өзүндө 100дөн ашык адам бактарды отургузуу, сугаруу, аларды дарылоо жана башка иштер менен алектенишет. Бүт өлкө боюнча 7 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болгон.

Тез жетилүүчү алмалар 18-20 жыл бою мөмө байлайт. Бир түп алмадан 30-60 килограммдан, ал эми бардык 3 миң түптөн 90 тоннага чейин түшүм алса болот.

Мындан тышкары бактын территориясында 300 миң алма көчөттөрүн өстүргөн питомник бар.

Пикир

Оставить комментарий