• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамфинкөзөмөл камсыздандыруу компаниялары үчүн уставдык капиталды 150 млн. сомго чейин жогорулатты

Экономика 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы камсыздандыруу компаниялары үчүн уставдык капиталды 150 млн. сомго чейин жогорулатты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Мамлекеттик финансылык көзөмөл аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 18 компания бар, алардын капиталы 3,7 млрд. сомду түзөт.

“Активдер 4 млрд. сомго чейин жетүүдө. Бул камсыздандыруу рыногу дээрлик 20% өскөндүгүнөн кабар берип турат. Башка жагынан алып караганда Мамфинкөзөмөл тарабынан талаптар катуу коюлууда. Минималдык капитал 150 млн. сомго чейин жогорулатылды. Андан тышкары алар камсыздандыруучулардын жана камсыздандырылгандар татыктуу катышуусун жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милдеттеме алышат”, - деп түшүндүрдү ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу боюнча мыйзам киргизилген.

Ал эми 2019-жылдан тарта унааларды милдеттүү камсыздандыруу киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий