• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек: Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан 5 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 01.01.23. /Кабар/. Жаңы жылдык майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалык жана тартипти "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 7 атайын техникасы менен 60 кызматкери камсыздашкан.

"Жаңы жыл түнү жалпысынан шаардын көчөлөрү тазалоого 42 атайын техника жана 500 кызматкер тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий