• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдин директорун убактылуу кызматтан четтетишти

Коом 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Бишкек ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулун териштирүү иштери бүткүчө убактылуу кызматтан четтетишти. Бул тууралуу “Электр станциялар” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган жаңылыкты бүгүн ишкананын башкы директору Узак Кадырбаев жыйында угузган.

Өмүркул уулунун милдеттери курулуп жаткан ГЭС ишканасынын башкы инженери Таалай Бектеновго жүктөлдү.

Ведомстводон кошумчалашкандай, ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат жана Бишкек боюнча абал турукташууда.

Эске сала кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, калаа тургундары жылуулуксуз калышкан.

Пикир

Оставить комментарий