• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футзал боюнча Азия чемпионаты: КР менен Ливан тең чыгышты

Спорт 0


Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан менен Ливандын курамалары тең чыгышты (2:2). Биринчилик Кытайдын Тайбэе шаарында өтүүдө.

Оюнда биринчи топту атаандаштарынын дарбазасына М.Алимов киргизди, Ливандын футболчулары оюндун 21 мүнөтүндө эсепти тең кыла алышты, ал эми 28чи мүнөттө алар 1:2 эсебинде алдыга чыгышты.

Оюндун 34 мүнөтүндө кыргыз спортчулары эсепти тең кылганга жетишишти.

Оюн аяктагандан соң КР курамасынын оюнчусунун бири AFC каналынын журналистеринин суроосуна жооп берип жатып, “мындан да жакшы ойнойт элек. Атаандаштар (Ливандын курамасы) күчтүү, чоң кармаш болду”,-деп билдирди.

Эми 4-февралда Кыргызстан Иордания, 6-февралда Тайландын курамалары менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий