• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Кыргызстан насыянын пайыздары менен кошо 492,6 млн. доллар кайтарат

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Кыргызстан Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого алынган каражатты пайыздары менен кошо 492 млн. 632 миң доллар кайтарат. Бул тууралуу парламенттин отурумунда каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

Ал негизги карыз 386 млн. долларды түзөрүн айтты.

"Анын пайызы 104 млн. долларды түзөт. Ал жерде комиссиялык төлөм катары 1,8 млн. доллар болгон. Ал бир ирет төлөнөт. Жалпы сумма 492 млн. 632 миң долларды түзөт", - деп, ал төлөмдөр 2033-жылга чейин жүргүзүлөрүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо 2017-жылы аяктаган. Ал модернизациялоонун алкагындагы коррупция фактысы боюнча жогорку кызматтагы бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

ЖЭБди модернизациялоого кеткен каражат насыя катары кытайлык "Эксимбанктан" алынган.

Пикир

Оставить комментарий