• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Отурум 14-июнга жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 11-июнь күнү айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн кароо боюнча жыйын өттү. Бирок, кезектеги отурум жактоочулардын келбегендигине байланыштуу жылдырылды.

Свердлов райондук сотунда 6-июнь күнү Бишкек шаардык ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өттү. Отурумда судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылган.

Ошол күнү жактоочулар айыпкер депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергетикалык холдингдин мурунку башчысы Жолдошбек Назаров, “Электр станциялар” ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазовдордун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтиришкен.

Мамлекеттик айыптоочулар ага каршы чыгышкан.

Судья кеңешип, камак артында калтыруу чечимин кабыл алган.

Жалпысынан баардык айыпталуучулардын баш коргоо чарасы 2 айга узартылган. Жактоочулар Бишкек шаардык сотко айып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий