• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Салайдин Авазов күнөөсүн мойнуна алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян уланды. Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылууда.

Шаардык сот айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызын кароодо.

Сотто айыпталуучулардан сурак алуу уланууда. Учурда "Электр станциялар" ААКсынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов сурак берүүдө.

Авазов жактоочусунун суроолоруна жооп берип жатып, "Электр станциялар" ишканасы келишимдин шарттарына жана долбоорду ишке ашыруучу компанияны тандоого эч кандай таасир эте албагандыгын белгиледи.

Анын айтымында, кийинчерээк ал кызматынан кеткен.

Ал өзү тарабынан ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдалануу болгондугун мойнуна алат. КРнын мыйзамдарына ылайык, долбоордун толук кандуу техникалык-экономикалык негиздемеси жана ЕРС келишими жок болгон учурда ТВЕА компаниясы менен келишим түзүү мыйзамсыз болгон. "Мен тараптан кызматты кыянаттык менен пайдалануу болгонун мойнума алам. Ушул жагдайды эске алып, менин аракеттеримдин квалификациясын өзгөртүүнү суранам. Келтирилген зыяндын ордуна 5 млн сом өлчөмүндө айып пулду төлөп берүүгө даярмын", - деди ал.

Аны менен бирге айыпталуучу билдиргендей, ШКУ саммитине чейин ТВЕА компаниясы менен келишимге кол коюп калууга жетишиш керек болчу.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча чыгарган өкүм:

- мурдагы премьер-министр, ошол кездеги КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду 15 жылга кесүү. Андан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт.

- «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылып, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштебейт;

- Ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айыппул салынып, сот залынан бошотулду;

- «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- «Электр станциялары» ишканасынын ошол кездеги жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- Мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, бошотулду.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий