• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБине 400 миң тонна. Кыргызстан Казакстандан көмүрдүн тоннасын $53 алууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев калкты электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кошумча 400 миң тонна көмүр сатып алуу чечими чыкканын айткан. Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) алына турган 400 миң тонна импорттук көмүр тендерсиз алынарын кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев Казакстандын сегиз компаниясына коммерциялык сунуш жиберилгенин билдирди.

“Анын төрт компаниясынан жооп келген. Шабылкүл кени мындай көлөмдө көмүр жок экенин билдирген. Калганы бир тоннасына 100 доллар сураган. Министрлер кабинетинин түз келишим түзүү боюнча токтому чыккан. Биз Кара-Жыра менен келишим түзүп, алдын ала төлөм жүргүздүк. Ноябрдын аягына чейин 18 миң тонна көмүр Аламүдүн станциясына алып келет. Андан бери өзүбүз ташып алабыз. Бир тоннасын 53,45 долларга алып жатабыз”, - дейт ал.

Ибраев маалымдагандай, Кара-Кеченин көмүрү жеринде тоннасына 1 миң 450 сом турат, Бишкекке келгенде 3,5 миң сомдун (болжол менен 42 доллар) тегерегинде болот.

“Эгерде 1 миң 750 тонна көмүрдү Кара-Кече ташыса, күнүнө Балыкчыга чейин 278 унаа барып-келип турушу керек. Андай мүмкүнчүлүк бизде жок. Азыр 128-130 унаа жүрүп, 1 миң 50 тонна көмүр ташып келүүгө мүмкүнчүлүк бар”, - деди ал.

Министр 2022-жылдын тогуз айынын ичинде Кыргызстандан Өзбекстанга 938 миң тонна көмүр чыгып кеткенин белгилеп, бажы кызматынын маалыматы боюнча, тоннасы 26-35 долларга сатылганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын аймагынан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Пикир

Оставить комментарий