• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте автобустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Бишкекте автобустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустук каттамдар Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине коомдук транспортторду даярдоо, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында текшерилди.

Автобустарды техникалык жактан даярдоого, дөңгөлөктөрдү алмаштырууга жана салондун ичиндеги санитардык абалга өзгөчө көңүл бурулду.

"“Эко жүргүнчүлөрдү жеткирүү” ЖЧКсына таандык 113 автобустун техникалык абалы текшерилип, анын ичинен 8 автобустун техникалык абалы канааттандырарлык эмес болгондугуна байланыштуу убактылуу линиядан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин кичиавтобустук каттамдар текшерилген.

Пикир

Оставить комментарий