• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке Екатеринбургдан 158 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-августта «Авиатраффик» авиакомпаниясынын «Екатеринбург - Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен Бишкекке 158 кыргызстандык учуп келди. Алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каттам чет мамлекеттерден мекенине келе албай жаткан биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулган.

Бул каттам менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Салехард, Жаңы Уренгой, Надым, Курган, Магнитогорск, Пермь жана башка шаарлардан мекенине чукул түрдө кайтууга муктаж болгон жарандар (ар кандай оорулары барлар, улгайган курактагылар, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор турмуш кырдаалына кептелген жарандар) учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жарандарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам учпай калган «Авиатраффик» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий