• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте таштанды чогултуу жана сорттоо үчүн 50 пункт куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 50 пункт курууну пландоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда "Тазалык" муниципалдык ишканасы экологиялык активисттер Таалайбек Асейинов, Канышай Рыспекова менен биргеликте Бишкек шаарында орнотулган таштандыларды сорттоочу жаңы пункттарда таштандыларды сорттоого көмөктөшүү иштерин жүргүзүүдө.

"Экологиялык активисттер шаардыктарга таштандыны сорттоо ар бирибиз үчүн канчалык маанилүү экенин түшүндүрүүдө. Бөлүнгөн абалда таштандынын компоненттери жаңы товарларды өндүрүү үчүн экинчи сорттогу сырье болуп саналат. Мисалы, пластмасса, айнек, металл эритилип, кайра өндүрүшкө сырье катары кайтарылат. Ошондой эле кагаз, текстиль майдаланып алардын буласынан буюмдар жасалат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, таштандыларды сорттоочу пункттар Жибек Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде, Бишкек Парк соода борборунун жанында, Раззаков менен Жумабек, Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий