• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 100дөн ашуун кайгуул унааларына GPS жана видеорегистраторлор орнотулду

Коом 0


Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Бишкекте 100дөн ашуун кайгуул унааларына GPS жана видеорегистраторлор орнотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кайгуул 100дөн ашык унаалары жумуш убактысында тынымсыз тартып турууга жөндөмдүү болгон GPS жана видеорегистраторлор менен жабдылып, GPS жана видеорегистраторлор глобалдык позициялоо тутумуна туташтырылган.

Кырдаал борборунун кызматкерлери монитордон жалпы көрүнүштү карап, учурда тигил же бул патрулдук унаа азыр кайда, кызматкерлер унаанын ичинде эмне кылып жатканын көрүп турушат. Ошондой эле видеорегистраторлор унаанын сыртынан, алдынан жана артынан жазып алат.

Белгилей кетсек, орнотулган GPS жана видеорегистраторлор көзөмөлдөө элемент катары дагы колдонулат. Бул нөөмөт учурунда кызматкерлердин ишин көзөмөлдөөгө, унаанын маршрутун, ылдамдыгын, токтоп турганы жана башкалар тууралуу маалыматты жазууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий