• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте салык кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Коом 0


Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Бишкекте пара талап кылгандыгы үчүн Салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭКККМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЭКККМКНЫН Бишкек шаары боюнча башкармалыгына Ш.Э аттуу жаран Мамлекеттик Салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын кызматкери андан акча талап кылып жаткандыгы тууралуу арыз жазган.

ЭКККМКнын чогулткан материалдарынын негизинде Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан 313-беренеде каралган кылмыш белгилери боюнча (пара алуу) кылмыш иши козголгон.

27-июлда козголгон кылмыш ишинин алкагында Салык кызматынын Свердлов району боюнча улук инспектору жумуштагы бөлмөсүндө 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий