• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча пикирин билдирди

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. "Чек ара бир күндө эле чечилип калчу маселе эмес", - деп билдирди Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында.

Анын билдирүүсүнө караганда, азыркы учурда Кыргызстандын Тажикстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы Дүйшөмбүдө жүрөт.

"Тараптардын чек ара маселеси боюнча өз ара түшүнүүсү бар. Эң башкысы Кыргызстан менен Тажикстандын жогорку жетекчилиги чек ара маселесине чекит коюу керектигин түшүнүп турат. Чек ара маселеси бир күндө чечилбей тургандыгын жакшы билесиздер. Өзбекстан менен чек ара маселесин 30 жыл аралыгында чечип келдик", - деди ал.

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы эки өлкөнүн өкмөттүк делегациясы иштеп жаткандыгын кошумчалады. "Алардын ийгиликтүү ишинин аркасы менен жыйынтыкка келебиз. 2023-жыл жемиштүү болот деп үмүттөнөбүз", - деп баса белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий