• 88.68
  • 95
  • 0.95

Издөөдө жүргөн Кумтөрдүн мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. "Кумтөр голд компани" ишканасынын аткаруучу директору Канат Курманов 2023-жылдын 14-январында "Манас" аэропортунда чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, ал Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына жеткирилген. Соттун чечимине ылайык, Курманов Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди.

Учурда аталган иш боюнча териштирүү иштери уланууда.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында аталган компаниянын мурдагы директору К.Курмановго издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий