• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 2 жашар кыз 4-кабаттан кулап түштү

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Бишкекте 2 жашар кыз 4-кабаттан кулап түштү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кечээ, 23-июль күнү болжол менен саат 18:50дө "102" кызматына №3 шаардык балдар ооруканасынан, аларга көп кабаттуу батирдин терезесинен кулаган 2 жашар кыз келип түшкөндүгү тууралуу кабарланган.

Белгилүү болгондой, 2 жаштагы С.А. аттуу кыз Гагарин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан кулап түшкөнү аныкталган.

Бул факт Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий