• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү митинги өттү

Коом 0

Бишкек, 17-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте Апрель революциясынын баатырлары 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү митингин өткөрүштү.

Иш-чара 2002-жылы 7-февралда жер тилкесин коңшу өлкөгө берүүгө каршылык көрсөтүү иретинде жарыялаган саясий ачкачылыктан 51 жашында каза болгон укук коргоочу Шералы Назаркуловдун стендине баруу менен башталды.

Ш.Назаркуловду эскерүүгө анын туугандары жана жакындары, 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырлары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев, активисттер жана Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев катышты.

Андан соң делегация 2002-жылы Аксы окуясында эл эркиндиги үчүн курман болгондордун монументине, 2010-жылдагы Апрель революциясына арналган монументке жана “Ала-Тоо аянтына гүл коюушуп, куран окушту.

М.Мискенбаев белгилегендей, 2005-жылы 24-марттагы, 2010-жылы 7-апрелдеги жана 2002-жылы 17-марттагы окуялар эркиндик жана адилеттүүлүккө багытталган.

“Трагедиялуу окуялар учурунда курман болгондордун бардыгы эркиндик жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн күрөшүшкөн. Бул окуя кайталанбайт деп ишенебиз. Президентибиз Алмазбек Атамбаев бийликти өткөрүүнүн революциялык жолун эми тандайбайбыз деп айткан. Айта кетсек, А.Атамбаевден башка эч ким Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарын эскерген жок. Мамлекет башчысы жыл бою бул каргашалуу окуялардын катышуучуларын кабыл алып, ар түрдүү жардамын берет”, - деди ал.

Өлкө акыйкатчысы 2002-жылы кыргыз-кытай чек арасындагы маселеге байланыштуу курч саясий кырдаал каргашалуу аяктагандыгын эскертти. “Бүгүн, 17-мартта, окуянын 15 жылдыгына карата иш-чара өтүп жатат. Шералы Назаркуловдун ысымы элдин эсинде түбөлүккө калат. Буга Бишкектеги мектептердин бирине анын ысымынын берилиши жана анда бүгүн эскерүү иш-чараларынын өтүп жаткандыгы күбө”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 2002-жылы 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылынын жашоочулары кыргыз жеринин бөлүгү Кытайга берилишине каршы чыгышкан. Атуулардын натыйжасында, каршылык көрсөтүп чыккандардын ичинен 6 адам курман болгон.

Пикир

Оставить комментарий