• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку сотто “Сот тутумунун ачыктыгынын жетишкендиги – сот актыларына жетүү механизмин кеңейтүү” аталышындагы тегерек үстөл өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конференц-залында “Сот тутумунун ачыктыгынын жетишкендиги – сот актыларына жетүү механизмин кеңейтүү” деген аталыштагы тегерек үстөл өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек үстөлдүн катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана Кыргыз Республикасындагы Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) филиалынын аймактык директору Фред Хьюстон мырза кайрылышты.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Камиль Осмоналиевдин “Сот чечимдерин жарыялоо – ачык айкындуулуктун жаңы стандарттары”, Бишкек шаардык сотунун төрайымы, тартип комиссиясын түзүү боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Ирина Воронцованын “Маалыматтарга жетүү жөнүндө Мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик”, Адилет сот мекемесинин долбоорлорунун жетекчиси Константин Степановдун “Адистештирилген www.sot.kg сайтын техникалык жактан камсыздоо” темасындагы жана юридикалык уюмдардын өкүлдөрүнүн башка баяндамалары жасалды.

Иш-чаранын модератору болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Камиль Осмоналиев алып барууда.

Тегерек үстөлдүн ишине коомдук уюмдардын, банктардын, юридикалык компаниялардын жана юридикалык клиникалардын, ЖОЖдун өкүлдөрү, юристтер жана адвокаттар катышууда.

Бүгүнкү иш-чаранын соңунда катышуучулар өздөрүн кызыктырган сот тутумумунун ачыктыгы-айкындыгы маселелерин талкуулап, суроолорун берип, жооп ала алышты.

Тегерек үстөлдүн уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасындагы Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) филиалы.

Пикир

Оставить комментарий