• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 2125 өрт өчүрүүчү гидрант 2ГИС тиркемесине киргизилди

Коом 0

Бишкек, 26.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүнкү күндө өрт өчүрүүчү гидранттарды 2ГИС тиркемесине киргизүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте жалпы 2 миң 322 өрт өчүрүүчү гидрант бар, анын 197си бузук, биринчи этап менен 2 миң 125и 2ГИС тиркемесине киргизилди.

“Экинчи этап менен Ош шаары, андан кийин Чүй облусу, дагы башка облустар киргизилет. Өлкө аймагында өрт өчүрүүчү гидранттардын саны 7 миң 895 бирдик бар, анын ичинен 3 миң 607си бузук абалда, 4 миң 288и иштейт. Бузук гидранттарды оңдоп, жаңыртуу боюнча министрлик тарабынан бийлик органдарына жана таза суу ишканасына 228 кат жиберилген. Учурда республика боюнча 108 гидрант оңдолуп калыбына келтирилип, 576 гидрант жаңыдан курулууда”, - дейт ал.

Шамырканов гидранттардын 2ГИС тиркемесине киргизилиши өрттү тез жана ыкчам өчүрүүгө жардам берерин айтат.

“Себеби кароол башчысы гидранттардын кайсы жерде жайгашкандыгын тез арада табышы үчүн уюлдук телефон аркылуу кирип, кайсы жерде экенин тез аныктай алат. Демек, бул өрттү өчүрүүдө убакытты кыйла үнөмдөйт”, - деди министрдин орун басары.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт өчүрүүчү гидрант - суу түтүктөрүнө түтүк арматуралары менен орнотулуп, өрт өчүрүүчү унааларды суу менен толтурууга колдонулат.

Өрткө каршы гидранттардын эки түрү бар:

- биринчиси, жер астындагы гидрант. Анын керектүү арматуралары атайын кудукка салынат, ал коопсуздук жана ыңгайлуулук үчүн үстү капкак менен жабылат.

- экинчиси, имараттардын ичиндеги өрт крандары. Ал имараттын ичине көрүнүктүү жерге орнотулуп, өрт түтүгүнө (шланг) жана ствол менен туташтырылган. Кыргызстанда кышкы климаттык шартка байланыштуу, жер астындагы гидранттар орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий