• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тыюу салынган буюмдар жагылган эмес. Бишкекте бир аптада 27 мончо текшерилди

Коом 0

Бишкек, 05.09.23./Кабар/. Бишкекте бир катар кызматтардын өкүлдөрүнөн турган туруктуу топ тыюу салынган заттарды жагуу фактыларын аныктоо боюнча рейддерди баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бир жуманын ичинде 27 мончо эко тесттен өттү. Шаардыктардын суроо-талабы боюнча "С легким паром", "Фрунзе", "Датка" мончолору да текшерилди. Тыюу салынган буюмдарды жагуу фактылары аныктала элек, бардыгы газ менен жылытууга өтүп, жеке үйлөрдөгү мончолор көмүр жана отун менен жылытылууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган инспекция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, зыяндуу заттардын күйүп кетүүсүнүн алдын алуу боюнча эскертүүлөр тапшырылды.

Муниципалдык инспекция зыяндуу заттарды өрттөө 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий