• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. 5-сентябрга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, ал эми Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий