• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 3 күн мурун дайынсыз жоголгон Аяна табылды

Коом 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Бишкекте 3 күн мурун дайынсыз жоголгон Аяна Эмилбекова табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-октябрда Ж.У. аттуу шаар тургуну 9 жаштагы кызын издешүүгө жардам сурап милицияга кайрылган. Аяна Эмилбекова ошол эле күнү саат 15:00дөр чамасында Абдраев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.

Бүгүн, 3-ноябрда саат 15:00дөр чамасында дайынсыз жоголгон кыз аман-эсен табылган. Эмилбекованы шаардын тургундары таап, милицияга кайрылышкан.

Пикир

Оставить комментарий