• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте үч жашар кыздын өлүмү. Борбордун директору, бөлүм башчы, анестезиолог, стоматолог иштен алынды

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борборунун стоматология бөлүмүндө операция жасалып жатканда чарчап калган үч жашар кыздын туугандарын кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, министр кыздын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жакындарынын өтүнүчтөрүн жана жүйөлөрүн укту.

Бейшеналиев аталган борбордун директору, бөлүм башчысы, ошондой эле анестезиолог жана стоматолог кызматынан бошотулганын билдирди.

Мындан тышкары, ал күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазага тартыларына ишендирди.

“Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлгөн. Комиссия анализдин жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарына мындан аркы чечимдерди кабыл алуу үчүн өз сунуштарын берди. Окуу жайдын медициналык борборунун стоматологиялык бөлүмү жабылды. Ошондой эле сиздер адегенде жардам сурап кайрылган жеке стоматологиялык клиника да иштебей турат”, - деди министр.

Эскерте кетсек, Бишкектеги жеке стоматологиялык клиникалардын биринде 3 жаштагы кыз анафилактикалык шоктон улам чарчап калган.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кылмышка шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий