• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте №7 троллейбустун кыймылы өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Бишкекте №7 троллейбустун кыймылы өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдын кыймылы Асаналиев көчөсүнүн Красная көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу өзгөртүлдү.

"Каттамдын акыркы аялдамасы убактылуу Тунгуч кичирайону жана Эт комбинаты болот. Оңдоо иштери аяктаганга чейин троллейбус Ак-Өргө конушуна жүрбөйт", - деп айтылат билдирүүдө.

Шаардык мэрия жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана өзгөрүүлөрдү эске алуу менен маршрутту пландаштырууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий