• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 707 жаран AstraZeneca вакцинасы менен эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Бишкекте 707 жаран AstraZeneca вакцинасы менен эмделди. Бул тууралуу брифингде Биринчи май районунун БҮМБнун Бала жана эненин ден соолугун коргоо боюнча директордун орун басары Диляра Искакова билдирди.

Анын айтуусунда, Бишкекке аталган вакцинанын 10 миң дозасы бөлүнгөн.

«Учурда AstraZeneca менен эмдөө уланууда»,- деди ал.

Искакова кошумчалагандай, баардыгы болуп калаада коронавируска каршы 72 миң 405 адам эмделсе, анын ичинен 48 миң 595 жаран экинчи компонентин алган.

Вакцина алгандардын арасында: 2 миң 903 медицина кызматкери, 2 миң 744 билим берүү кызматкери, 4 миң 823 мамлекеттик кызматкерлер, 65 жаштан жогору 15 миң 366 адам, 1 миң 947 укук коргоо органдын өкүлдөрү, өз ыктыяры менен алгандар 40 миң 588 адам жана 1 миң 588 жаран өнөкөт оорулары барлар.

Пикир

Оставить комментарий