• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 71 жаштагы пенсионерден 900 гр баңги заты табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.18. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери 71 жаштагы пенсионерден 991,4 грамм баңги затын табышкан,-деп билдирет ШИИБдин басма сөз кызматы.

Эркек киши 25-январда шаардагы кичи райондордун биринде кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери кармалган жаран мурда да ушуга окшош кылмыш боюнча соттолгондугун аныкташкан.

Пикир

Оставить комментарий