• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте аялын 16 ирет бычак менен сайганга шектүү кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.22. /Кабар/. Бишкекте өзүнүн аялын 16 жолу бачык менен сайганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июлунда Улуттук хирургия борборунан 1984-жылы туулган М. Г., аттуу айым бычактан жараат алып, ооруканага түштү деген маалымат келип түшкөн.

"Аталган маалымат боюнча кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып такташкан, натыйжада изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1973-жылы туулган Х. К., аттуу өзүнүн жолдошу кармалып, Свердлов райондук милициясынын Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүү учурунда ал аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктап берген.

Пикир

Оставить комментарий