• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Динара Кемелова “Жашыл Борбордук Азия” программасынын жетекчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 17.07.22. /Кабар/. Кр тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун аймактык өкүлү, “Жашыл Борбордук Азия” программасынын жетекчиси Каролина Милоуну кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Германиянын тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбордук Азия» демилгесин ишке ашыруу, анын ичинде демилгенин алкагында ишке ашырылып жаткан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөргө мониторинг жана моделдөө жүргүзүү, пайдалуу суу-энергетикалык механизм жана климаттык тобокелдиктерди башкаруу, ошондой эле климаттын таасирин эске алуу менен 2023-жылга пландаштырылган Борбордук Азиядагы суу ресурстарын башкаруу боюнча аймактык долбоорлор боюнча пикир алышышты.

Министрдин орун басары Кемелова климаттын өзгөрүп жаткан шартында "Жашыл Борбордук Азия" демилгесинин маанилүүлүгүн жана анын алкагында мындан аркы кызматташууга кыргыз тараптын даярдыгын белгилеп, практикалык натыйжаларга жетишүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Бул алкакта ал Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы" 76-резолюциясы жана КР президенти Садыр Жапаровдун "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулуктун жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгы алкагында чакан ГЭСтерди куруу, мөңгүлөрдү коргоо, тоолуу айылдарды өнүктүрүү, айыл аймактардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, анын ичинде суу скважиналарын бургулоо техникасын жана суу менен жабдуу системаларын куруу учун үчүн жабдууларды берүү аркылуу пилоттук инфраструктуралык долбоорлорду, кургакчылыкка чыдамдуу айыл чарбасын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу, сууну пайдалануу жана сугаруу үчүн климаттык туруктуу технологияларды киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Жолугушунун аягында тараптар "Жашыл Борбордук Азия" демилгесинин алкагында активдүү диалогду жана тыгыз кызматташууну улантууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: "Жашыл Борбордук Азия" Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия мамлекеттерин колдоого жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган аймактык демилгеси.

Бул демилгенин алкагында Борбордук Азиядагы климаттык тобокелдиктерди жана суу ресурстарын башкаруу боюнча аймактык долбоорлор ишке ашырылууда жана аларды ишке ашырууга германиялык тарап жана эл аралык өнөктөштөр 26 миллион евродон ашык каражат бөлүүнү пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий