• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-өзбек мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-өзбек мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу кызматташтыкты терендетүүгө олуттуу маани берет.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз-Өзбек фондунун ишинин башталышы эки өлкө ортосундагы болжол менен 60 долбоорду ишке ашырууну караган өнөр жай кооперациясы чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын планында («Жол картасы») чагылдырылган макулдашууларды ишке ашыруунун башталышына белгилүү таасирин тийгизет.

«Жакын арада өзбек тараптын Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча ички мамлекеттик процедураларды жыйынтыктагандыгы кубанычтуу», - деди ал.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өз кезегинде өз ара кызыкчылыкты туудурган чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты активдештирүүгө жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар Өзбекстан Республикасынан электр энергиясын жеткирүү, Түркмөнстандан Өзбекстан Республикасынын территориясы аркылуу электр энергиясын жана жаратылыш газын транзиттөө, «Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан» темир жолун, Эркечтам-Дароот-Коргон - Кызыл-Кыя унаа жолун, Кызыл-Кыя шаарында соода-логистикалык борборду жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле айыл чарба жана өнөр жай тармагындагы кызматташтык маселеси каралды.

Акылбек Жапаров өзбек тарапка Баткен облусундагы эки жалпы билим берүүчү мектептин курулушуна жана Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык-драма театрын реконструкциялоого техникалык көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий