• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин четиндеги тоодон чыккан өрт өчүрүлүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.22. /Кабар/. Кечээ, 16-июлда Бишкек шаарынын четиндеги тоо боорун өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Такталган маалымат боюнча, шаар четиндеги Чоң-Арык айылына жакын тоо боорунда куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 14:50дө Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмунөн 1 бөлүм, саат 22:37де Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу АКУ менен, саат 22:58де Бишкек шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 1 бөлүм тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий