• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, алардын өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда “Азия-Суши” кафесинин 10 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Күрпүлдөк айылында жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 100 чарчы метр чатыры жана 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий