• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Балтада аялдын башын кесип, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Кара-Балтада жарандык никедеги аялынын башын кесип, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 21-июнда Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринен башы кесилип, зомбулук менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталган, ал 1975-жылы туулган А.А. экени такталып, милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачуу максатында аялды таанып-билгендер менен иш алып барган.

Натыйжада 1976-жылы туулган К.Н. аталган кылмышка шектелип, ал Жалал-Абад облусунда жашырынып жүргөндүгү аныкталды.

Тергөөнүн алдын ала версиясына ылайык, кылмыш кызганычтан улам жасалган. Шектүү чогуу жашаган аялды башка эркектен кызганып, денесинин 10 жерине бачык сайган. Кийин кылмышты жашыруу максатында аялдын башын кесип алып, сөөктү арыкка таштап, ал эми башты андан 200 метр аралыкта жерди казып көмүп салган.

Азыркы учурда шектүү күнөөсүн толук моюнуна алып, башты көмгөн жерди көрсөтүп берген.

Учурда ал Жайыл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий