• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан батирдин 21 чарчы метр аянты, диван жана төшөнчөлөр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Полевое айылында сарайдын жыгач устундуу шифер жабылган 100 чарчы метр чатыры жана ичинде жыйылган 1000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий