• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо көчөдө эсин жоготкон киши табылып, ал кийин жандандыруу бөлүмүндө каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Караколдо жергиликтүү тургун 21-июлга каратан түнү Орозбеков – Крутиков көчөлөрүнүн кесилишинен эс-учун жоготкон адамды тапкан.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, болжол менен 40-45 жаштардагы эркек кишини тез жарам унаасы менен алып кетишкен, кийин ал жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Маалыматка ылайык, сырткы көрүнүшүнөн зордук-зомбулуктан каза болгон издери табылган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, өлүм спирт ичимдигинен улам болушу мүмкүн.

Аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий