• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Honda Stepwagon унаасы толук күйгөн. Кыргызстанда сутка ичинде 20 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Оштун Ноокат районунун Тажик-Кыштак айылында аянты бир чарчы метр болгон мончо күйгөн. Ошол эле райондун Алашан айылында эки кабаттуу турак үйдүн 72 чарчы метр эки бөлмөсү жана тиричилик буюмдары күйгөн.

Нарындын Ак-Талаа районунун Кара-Ой айылында Honda Stepwagon үлгүсүндөгү унаа толугу менен жана бак күйгөн. Өрт электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий