• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чолпон-Атада дарыканадан акча талап кылган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Аймак 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, дарыканадан акча талап кылган Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-сентябрь күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматына Чолпон-Ата шаарында жайгашкан дарыканага өзүн УКМК кызматынын ыкчам кызматкери катары тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, ар кандай шылтоолор менен 5 миң сом акча талап кылып, алып кеткендиги боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин (“Документтердин жасалмасы) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде Ысык-Көл РИИБдин КМК кызматкерлери тарабынан өзүн УКМКнын ыкчам кызматкери катары тааныштырып жүргөн 34 жаштагы Чүй облусунун жараны кармалып, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

“Жогоруда кармалган адам боюнча жабырлануучулар болсо 102ге, же (03943) 4-39-80, (0709) 331-515 номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий