• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте адашып жүргөн кыздар табылып, ата-энесине өткөрүп берилди

Коом 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бишкекте адашып жүргөн кыздар табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-февралда болжол менен саат 16:00дө Арча-Бешик жаңы конушунда кичинекей кыздар жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барган. Анда Арча-Бешик жаңы конушунун Шералиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен болжол менен саат 16:00дө 11 жаштагы С.А. жана 12 жаштагы И.А. аттуу кыздар үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин кабарлашкан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада саат 20:00дөр чамасында кыздарды таап, ата-энелерине дени сак жеткирип беришкен.

Пикир

Оставить комментарий