• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте аймактык милиция кызматкери 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Бишкекте 3-мартта жашы жете элек кызды зордуктаган деген шек менен аймактык милициянын кызматкери кармалды.

ИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-февралда жаран Н.О. 2022-жылдын 16-февралда саат 21:00 чамасында Кулиев көчөсүндө жайгашкан жеке үйлөрдүн биринде 2008-жылы туулган жашы жете элек кызын зордуктаган белгисиз адамга карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган.

Бул факт Биринчи май райондук милициясына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин ("Зордуктоо") негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 2003-жылы туулган М.М.нын өздүгү такталып, кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган кылмышка үч милиция кызматкеринин катыштыгы бар экени тууралуу маалыматка байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө дайындалды.

2022-жылы 22-февралда тергөө учурунда чогултулган бардык материалдар Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилип, бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгү ("Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо") менен кылмыш иши козголгон.

Ошентип, кечээ, 3-мартта кылмышка шектүү катары милициянын лейтенанты 1988-жылы туулган А.Э. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий