• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Ош шаарында шайлоо өнөктүгүн каржылоонун тартибин бузуу фактылары аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.21./Кабар/. 2021-жылдын 25-ноябрында УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, №7-Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыккаталапкер «А.Б.» тарабынан шайлоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын бузуу фактысы аныкталган.

Буга байланыштуу шайлоо өнөктүгүнкаржылоо тартибин бузуу фактылары боюнчатүшүндүрмө берүү максатында талапкер «А.Б. Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаарыжана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына жеткирилди.

Такталгандай, үгүт маалында «А.Б» өзүнүн ишенимдүү адамдарына жана үгүтчүлөрүнө накталай акча каражатын төлөп, шайлоо фондунан тышкаркы үгүт иштерин каржылаганы аныкталды.

Учурда керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий