• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жыл аягына чейин муниципалдык транспортто тиркеме аркылуу 5 сомдон төлөөгө болот

Коом 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Бишкекте жыл аягына чейин муниципалдык транспортто тиркеме аркылуу 5 сомдон төлөөгө болот.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жарандардын көп сандаган кайрылуулары боюнча Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Тулпар» долбоору жана Balance.kg мобилдик капчыгы менен биргеликте акция өткөрүүдө.

"1-июндан баштап муниципалдык транспортто жол кире акысын Balance.kg мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөдө жол кире 11 эмес 5 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта

Balance.kg тиркемеси аркылуу төлөө үчүн төмөнкүлөр керек:

-тиркемеге кирүү;

-муниципалдык транспорттун кире беришинде жайгашкан QR кодун сканерлөө;

-төлөө.

Акция 2022-жылдын 31-декабрына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий