• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен БАЭнин мамилеси жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө

Аналитика 0

Дүйнөдөгү азыркы кырдаалда чакан мамлекеттердин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуусу өтө маанилүү болуп турган чак. Коронавирустук пандемия инвестициянын агымын азайтты. Бул ири оюнчулар үчүн өздөрүнүн капиталын сактап туруусу артыкчылыктуу болгонуна байланыштуу. Азыр кырдаал жакшырып баратканда экономикалык процесстер кайра өз нугуна түшүп келе жатат, ишти күчөтүү зарыл. Бизнес ойгонууда жана азыр ага киришүүгө убакыт келди. Кыргызстан үчүн эски байланыштарды өркүндөтүү гана эмес, жаңы байланыштарды түзүү да маанилүү.

Кечээ борбор калаада Кыргызстан менен Бириккен Арап Эмираттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өтүп, анын жүрүшүндө келечектеги долбоорлордун пландары айтылды. Кыргызстан үчүн соода географиясы бир кыйла кеңейип, КРга жаңы жумуш орундардын пайда болушуна шарт түзгөн, ошондой эле республиканын экономикасына каражат салган жаңы инвесторлор келиши мүмкүн.

Иш-чарага БАЭ менен Кыргызстандын авиация, энергетика, соода, инвестиция жана өнөр жай жаатындагы алдыңкы компаниялары катышууда. Келген делегациянын курамына экономиканын бардык тармактарында иш алып барган БАЭнин ири компаниялары кирди. Mazdar, Wizz Air Abu Dhabi, Foody World Foodstuff Trading, Corodex Industries, United Food Company, Royal Startegic Partners жана башка ири компанияларды өзгөчө белгилей кетүү зарыл.

КР президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргызстанда инвесторлор жана ишкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле ал буга чейин президент Садыр Жапаров азыркы инвесторлорду коргоо жана жаңыларын тартууну көздөгөн мыйзам долбооруна кол койгонун кошумчалады. Ошондой эле мамлекет башчысы тарабынан ишкердик жана инвестиция үчүн бардык шарттарды түзүүгө жол ачкан бир катар жарлыктарга колк оюлган. Кыргызстан ири инвестициялык мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгилей кетүү зарыл.

Кыргызстанда инвесторлор инвестициялык виза ала алышат. Бизнес тармагына түрткү берүү жана колдоо үчүн мамлекет ар кандай либералдык кадамдарды жасады.

“Биз БАЭге эт, экологиялык таза жашылчаларды-жемиштерди, бал жана башкаларды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө даярбыз. Мындан тышкары, мамлекет таза ичүүчү сууга ээ. Кыргызстанда 10 млн доллардан ашык салым кошкон инвесторлор үчүн инвестор макамын берүү каралган”, - деди Сабиров.

БАЭнин экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри өз сөзүндө буга чейин эки тараптуу жолугушуу болгонун, анын жүрүшүндө өзгөчө экономикалык чөйрөдөгү мамилелердин келечеги талкууланганын белгиледи. Ал белгилегендей, Кыргызстан соода, туризм үчүн маанилүү жер болуп санлат жана БАЭнин олуттуу өнөктөшү.

“Мен жыл ичинде көп сапарларга барбайм жана эң маанилүү жерлердин бири катары Кыргызстанды тандадым. Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери сиздердин өлкө Борбордук Азиядагы биздин маанилүү өнөктөшүбүз болуп калды. Тикелей инвестициялар БАЭден Кыргызстанга да, тескерисинче Кыргызстандан БАЭге дагы болгон. Биз өз ара соодабыздын алмашуусун арттыра алабыз. Кыргызстан соода жана туризм үчүн эң эле маанилүү жерлердин бири болуп саналат. Өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюу маанилүү кадам болуп саналат. Ага кол коюлгандан кийин биздин ишкерлер коому мамилелерди жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди алышат”, - деди БАЭ министри.

Ал БАЭ өкмөтүндө пандемиядан кийинки абалды калыбына келтирүү боюнча чоң максаттары бар экенин кошумчалады. Азыркы учурдагы сандар өсүү бар экенинен кабар берет жана ал пландалгандан көп. Министр Украинадагы абалга жана коронавирустун жаңы штаммдарына байланыштуу тобокелдиктер бар экенин белгиледи.

“Биздин экономика өткөн жылы эле 20 млрд доллардан ашык түз инвестиция тартты. Акыркы бир нече жылдын ичинде биз бир катар маанилүү реформаларды жүргүздүк. 40тан ашык мыйзамдарды кабыл алдык же өзгөртүү киргиздик. Чет элдик компанияларга талаптарды коюп жатабыз. Дүйнөнүн бардык бурчунан адистерди тартууну жеңилдетүү үчүн бардыгын жасайбыз”, - деди Абдаллы бин Таук Аль-Марри.

Ал БАЭде дүйнөдөгү эң төмөн салыктык төгүмдөр экенин эске салып, ошондой эле укуктук система дүйнөлүк стандарттарга дал келүүсү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Муну менен катар форумдун жүрүшүндө мамлекеттик деңгээлдеги гана эмес, жеке тармакта дагы өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланышты жакшыртууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Кыргызстандын бир катар товарлары БАЭнин базарларына чыгып, муну менен “Кыргызстанда жасалган” (Made in Kyrgyzstan) брендинин географиясы кеңейиши мүмкүн экендиги белгиленди.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий